Бүгүн, 26-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы иш сапарынын алкагында Кербен шаарындагы Аксы райондук мамлекеттик архивинин имаратынын ачылыш аземине катышты.
Алсак, Аксы райондук мамлекеттик архиви тарыхый маалыматтарда 1939-жылдан бери иштеп келгендиги айтылат. Бирок азыркы күнгө чейин атайын имаратка ээ болгон эмес. Мекеме ар кайсы жерде жайгашып, документтерди талаптагыдай сактоодо көйгөйлөр жаралган. Андыктан бүгүнкү ачылып жаткан имарат райондук архив үчүн эле эмес, мамлекет үчүн да маанилүү экенин айткан төрага «Жалпы Кыргызстан боюнча 1975-2000-жылдар аралыгында архивдик мекемелер үчүн сегиз гана имарат курулган. Ал эми акыркы эле жылдары беш архивдик имарат салынып, ишке берилди. Мындай саамалыктар дагы да уланат. Биз тарыхый маалыматтардын булагы саналган архивдерге өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Айрыкча заманбап мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, документтерди санариптештирүүгө басым жасашыбыз зарыл», — деди.
Андан соң, төрага Кербен шаарындагы Архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын имаратынын ачылышына да катышты.
20-апрелден 25-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад...
18-апрелде Баткен облусунун Лейлек районундагы жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери учак менен Бишкек шаарына жеткирилди. Бейтап Улуттук госпиталдын №2 реанимация...
Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам берүү тууралуу тескемеге кол койду. Документке ылайык, Улуу...
Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...