Нурланбек Шакиев менен Казак Сенатынын төрагасы Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата өткөрүлгөн форумга катышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата өткөрүлгөн форумга катышты.

Нурланбек Шакиев боордош кыргыз-казак элинин интеллигенция өкүлдөрү чогулуп, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык маарекесине арналган форумду өткөрүп жатканына жогору баасын берди. “Алп калемгердин чыгармаларында кыргыз-казак элинин каны-жаны өтө жакын эл экени өзгөчө сүрөттөлгөн. Казактын даркан талаалары керемет, образдуу даңкталып, Бороондуу бекеттеги Эдигей менен Абуталиптин оор турмушун, алардын ошол учурдагы өкүмчүл, зордукчул саясий система менен болгон тымызын да, ачык да күрөшүн таамай ачып берген”, – деди ал. Муну менен катар улуу калемгер казак адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү менен тыгыз чыгармачыл байланышта болгонун, анын ичинен Мухтар Ауэзовду өзүнүн устаты катары сыйлаганын баса белгиледи.

Өз кезегинде Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев балачагынан улуу сүрөткердин чыгармаларын окуп чоңойгонун эске салып: “Айтматовдун эмгектери бир нече муундун руханий түшүнүгүн калыптандырууга, адамзаттын чыныгы баалуулуктарын жайылтууга зор салым кошту”, – деди. Андан соң, Маулен Ашимбаев Казакстан президентинин жарлыгы менен ыйгарылган мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Тагыраагы, II даражадагы “Достук” ордени Кыргыз Республикасынын Баатырлары Апас Жумагулов менен Медеткан Шеримкуловго жана Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго ыйгарылса, Кыргызбай Осмонов менен Аскар Салымбеков Ардак грамота алышты.