Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиянын Малатья шаарындагы Инөнү университетинин ректору, профессор, академик Ахмет Кызылай баштаган делегацияны кабыл алды.
Жолугушууда адам органдарын трансплантациялоо боюнча медициналык тейлөөнү өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо мекемелерине заманбап дарылоо ыкмаларын киргизүү маселелери талкууланды. Төрага Кыргызстанда адам органдарын трансплантациялоого багытталган көйгөйлөр өтө көп экенин белгилеп: «Натыйжада илдетке чалдыккан жарандарыбыз чет мамлекеттерге барып, дарыланууга аргасыз. Буга байланыштуу акыркы жылдары саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүп, заманбап дарылоо ыкмаларын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Айрыкча адам органдарын трансплантациялоо менен байланышкан дүйнөлүк тажрыйбаларды колдонуу менен сапаттуу медициналык тейлөөгө жетишүү башкы максатыбыз», – деди.
Ошондой эле аталган багыттарда Түркия мамлекетинин дарыгерлеринин тажрыйбасы өтө чоң экенин белгилеген төрага биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүнө токтолду. Муну менен катар Жогорку Кеңеш саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө багытталган бардык демилгелерди колдой турганын билдирди.
Өз кезегинде академик Ахмет Кызылай төрага Нурланбек Шакиевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Инөнү университетинин делегациясы органдарды трансплантациялоо кызматын өнүктүрүү боюнча алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн келгенин белгиледи. Тагыраагы, Инөнү университетинин медициналык борбору органдарды трансплантациялоо боюнча алдыңкы клиникалардын бири экенин айткан академик Ахмет Кызылай акыркы 22 жыл аралыгында 3700дөн ашык операциялар ийгиликтүү жасалганын маалымдады.
Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов менен Бактыбек Сыдыков да катышты.
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча: учурда тоннелдерди казуу жана инфраструктураны даярдоо иштери жүрүүдө. Инфраструктура жаатында: убактылуу...
Көчмө жыйындын алкагында калаа башчысы Кожомкул атындагы Спорт сарайынын аймагындагы демонтаж иштерин көрүп чыкты. Бул жерде жаңы бассейн куруу пландалууда....
Нарын районунун Ийри-Суу айылында жайгашкан М.Байдөөлөтов атындагы мектептин 7-классынын окуучусу А.Э.Э.нин өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалыматтын негизинде Нарын шаардык...
13-апрелде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Биоресурстарды контролдоо бөлүмү жана Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан биргелешкен рейд жүргүзүлдү. Иш-чарага «Бугу эне»...
1-апрелден 13-апрелге чейин кене чаккандан кийин жугуштуу оорулар ооруканасына 41 адам кайрылды, алардын ичинен 21и бала. Бир бала ооруканага жаткырылды,...