Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине барды.
“8 миңден ашуун студент билим алган университет Кыргызстандагы алдыңкы окуу жайлардын бири экени баарыбызга белгилүү. Айрыкча келечек ээлерине керектүү дүйнө тилдерин окутуп жаткандыгы жогору баага татыктуу. Бирок эне тил баарынан бийик туруп, мамлекеттик тилге сөзсүз басым жасалышы шарт”, – деди төрага. Муну менен катар акыркы жылдары мамлекет тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеген ал “Билимдүү коом жаралмайын, өнүккөн өлкөнү кура албайбыз. Мамлекеттин алдыга жылышы жарандарыбыздын билимине көз каранды. Андыктан, билим берүү тармагында эмгектенген агартуучуларга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүп, университеттеги мугалимдердин айлык маянасын көтөрүү маселеси да каралууда” деди.
Жолугушуунун алкагында окуу жайдын ректору Абдылда Мусаев мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын жетектеп турган учурдан бери аталган университетке колдоо көрсөтүп, парламенттин төрагасы катары да билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү сунуш-пикирлерин берип келе келе жаткан Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, “Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору” наамын ыйгарды.