Облус башчысы: "Баткен облусуна барган жол тосулду. Тажик аскерлери жолду аткылап жатышат"
Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев атышуу болуп жаткан жерде жүргөнүн айтып, жаракат алган чек арачылар бар экенин билдирди.
Ал ошондой эле Баткен облусуна барган жол тосулганын айтты. Облус башчысынын айтымында, Кадамжайда жол тосулуп, тажик аскерлери жолдорду аткылап жатышат.