«Очокто тамак жасап жатабыз». Кыргызстандын Украинадагы элчиси жарык, интернет, суу жоктугуна карабай иш жүрүп жатканын айтты

«Элчиликтин кызматкерлери жарык, интернет өчүп, суу токтоп калды деп нааразы болушпайт. Очокто тамак жасап жатабыз». Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов соцтармактагы баракчасына жазды.

«Менин миссиям татаал кырдаалга туш болуп калды. Алыста жүргөндө мекендештериң уялаш туугандай эле болуп калат экен. Кыргызстандан экенин уккан соң берээрге бир нерсе таппай каласың, ошол эле учурда алар да бизге бир туугандай мамиле жасашат.

Элчиликте иштеген кесиптештериме ыраазымын. Свет өчүп калды, суу токтоп калды, интернет өчтү деп нааразы болушпайт. Кыргызчасынан очокто тамак жасай калышып, жана башка тоскоолдуктарды өз убагында чечкенди билишет. Кыскасы жоктон бар кылып, бар нерсени үнөмдөп өз кызматыбызды өтөөдөбүз. Кандай гана кыйынчылык болбосун, мойнуңа жүктөлгөн соң кызматты так аткарыш керек.

Бул жерде бейкүнөө кыйылган өмүрлөр, кыйраган үйлөр, бузулган шаарларды өз көзүбүз менен көрүүдөбүз. Адилетсиз согушка караганда, ыңгайсыз тынчтык артык», — деп жазылат элчинин билдирүүсүндө.