Ош шаарынын Жаңы-Маала айылында Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен 5 жаштагы баланы издөө иши уланууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Бүгүн, 11-ноябрь күнү издөө иштерин координациялоо максатында ӨКМдин Ош шаардык куткаруу кызматынан 13 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам, жалпы 71 адам тартылды.
Куткаруучулар Ак-Буура дарыясынын терең болгон жерлерин карап берүүгө чыкты.
2019-жылы туулган С.И. аттуу бала 9-ноябрь күнү Ак-Буура дарыясынын жээгинде ойноп жатып, дарыяга түшүп кеткени тууралуу жана издөө ишине көмөктөшүү боюнча кат Ош шаардык ШИИБи тарабынан 9-ноябрь күнү ӨКМге түшкөн.










