«Ок көзүнө тийиптир». Чек арадагы атышууда 19 жаштагы аскер көз жумду

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда 19 жаштагы аскер Нурбек Баратов көз жумду. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жакындары билдиришти.

«2003-жылы Сүлүктү шаарында туулган. Кулунду тозотунда көзүнө ок тийип көз жумду. Ушул жылдын апрель айында контракттык түрдө кызмат өтөөгө кеткен. Аскерде жүргөндө «мекенимди коргойм» деп андан ары кызмат өтөөгө кеткен. Үйлөнгөн эмес. Үй-бүлөдө 3 бир тууган болчу. 2 карындашы калды. Сөөгүн кечээ жерге беришти»,- деди ал.