Abank
SerepTV Logo

ӨКМ: "Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарынын 70-80 пайыз тургундары өз алдынча чыгып кетишти"

ӨКМ: "Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарынын 70-80 пайыз тургундары өз алдынча чыгып кетишти"

ӨКМ бир нече убактылуу жайгаштыруу пункттарын ачып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо боюнча иш чаралар уюштурулуп жатат. Мындан сырткары жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга чыгып жатышат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

"Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айылдарынан жарандар Рават айылына эвакуацияланды. Ал эми Баткен шаарында ачылган убактылуу жайгаштыруу пункттарына келген жарандар да бар. Саат 10:30га карата Лейлек району боюнча Жаңы-Жер айыл аймагындагы Арка, Достук, Борбордук, Жаштык айылдарынын 70-80 пайыз эли өз алдынча чыгып кетишкен",- деп айтылат маалыматта.