Бишкек ЖЭБден келген суунун температурасы 65-70°тан 45-50°ка чейин төмөндөгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.
«5-7 күндүн ичинде техникалык топтор калыбына келтирилерин айтышты. ГЭСтер электр энергиясын көбөйтүүгө өттү. Өчүрүү болбойт», — деди министр.
Министр учурда ЖЭБде 2 от казан иштеп жатканын, кечке чейин 4 от казан кошуларын билдирди.