11-февралда Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдардын трансплантациялоо институтунда кечки саат 21:07 чамасында өрт кырсыгы катталган. Бул окуядан кийин ӨКМдин министри Бообек Ажикеев маек берген.
Министрдин айтымында курулуш материалдарына байланыштуу түтүндүү өрт адамдын ден соолугуна көбүрөөк зыян келтирет.
«Өрт жертөлөөдөн чыккан. Азыркы өрттүн айырмасы илгеркидей жалындап күйбөйт. Курулуш материалдары пластик болгонуна байланыштуу алар күйбөйт, түтүндүү болот. Адамдардын каза тапкандары, ууланганы да ошол себептен. 5 кабаттуу имараттын жер төлөөсү гана күйгөн, бирок анын түтүнү бүт имаратты каптаган», — деди министр.
ӨКМ мамлекеттик объектилерди жыл сайын текшерип, маселе болсо эскертмелерди берет. Аталган ооруканага 2024-жылдын 23-мартында текшерүү келип, айып пул салынган. Анткени ага чейин да 18 пункттан турган эскертме берилген.
«Кечээ өрттүн себеби, эң биринчи өрт өчүрүүчү материалдардын жоктугу, туура эмес буюмдарды колдонуу, электр чубалгыларынын коопсуздугун сактабагандыктан болду», — деди Бообек Ажикеев.
ӨКМ быйылкы жылдан баштап мамлекеттик мекемелерди эле эмес жеке ишканаларды, тойканаларды да текшере алат. Министрлик эскертме берип, аны аткарбаган учурда максималдуу 23 миң сом айып пул сала алат.