Октябрь айында Орусиядан Кыргызстанга 15 жарандын сөөгү жеткирилди

Ушул жылдын октябрь айында Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин көмөгү менен Орусиянын аймагында каза болгон 15 Кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу маалыматтык билдирүүдө айтылат.

Ошондой эле айлык маянасын ала албай калган 50 мекендештин 1 963 600 рубль өлчөмүндө акча каражаты өндүрүп берилген. Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн укук коргоо органдары тарабынан кармалган 48 кыргызстандык, ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси менен кылмыш иши козголгон Кыргыз Республикасынын 1 жараны камактан бошотулган.