Октябрь жана Свердлов райондорунун акимдерине сөгүш жарыяланды

Жарандарды COVID-19га каршы эмдөө боюнча иш-чараларды өткөрүү жана уюштуруу боюнча ишти талаптагыдай эмес алып баргандыгы үчүн Октябрь жана Свердлов райондорунун акимдеринин, ошондой эле шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысынын жоопкерчилиги каралды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, борбордогу төрт райондун ичинен дал ушул эки райондо эмдөө деңгээли эң төмөн:

— Октябрь районунун аймагында: биринчи дозаны 29 миң 47 адам алган же 24 пайызы, экинчи дозаны эмделүүгө тийиш болгон 121 миң 101 адамдын 23 миң 760ы алган же 17 пайызы;

— Свердлов районунун аймагында: биринчи дозаны 29 миң 719 адам алган же 27,6 пайызы, экинчи дозаны 25 миң 484 адам алган же 23,7 пайызы. 107 миң 587 адам эмдөөдөн өтүшү керек болчу.

Бул багыттагы иштерди күчөтүү боюнча административдик райондордун жетекчилерине бир нече жолу тиешелүү тапшырмалар берилген. Жыйынтыгында эки акимге сөгүш, ал эми саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысына жетекчисине эскертүү берилди. Октябрь районунун акими Мирлан Эшкожоев, Свердлов районунун акими Бахтияр Карамшаков. Ал эми Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айбек Ибраимов.