Октябрь окуяларынан жабыркагандардын биринин көзүнө татаал операция жасалат

5-6-октябрь күндөрүндөгү окуяларда жабыркаган жарандар өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу өкмөттөн маалымат таратышты. Буга чейин айрым жабыркагандар “эртең, эртең” деп тил эмизгенден башка бийликтен жардам ала албай жаткандыгын айтып чыгышкан эле.

Өкмөт тараткан маалымат боюнча, декабрь айында вице-премьерлер Эльвира Сурабалдиева жана Максат Мамытканов жабыркаган жарандар менен жолугушкан. Анын жыйынтыгы боюнча ар бир жабыркаган жарандын ден соолугун көзөмөлдөй турган медициналык мекеме аныкталган. Учурда 22 адам амбулатордук дарылоодон өтүп, дарыгерлердин тийиштүү кеңештерин алууда.

Макулдашуулардын алкагында жакынкы мезгилде Түркиянын дарыгерлери 8 жарандын көздөрүн протездөөнү жүргүзөт. Январь айында жабыркаган дагы бир жарандын көзүнө татаал операция жасалат, аны да Түркиянын дарыгери өткөрөт. 2020-жылдын декабрь айында жабыркагандардын бирине ортопедиялык протез сатып алууга, жакында жаагы сынган 51 жаштагы аялга жардам көрсөтүлгөн. Ал учурда Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүндө дарыланууда.

Вице-премьер Эльвира Сурабалдиеванын тапшырмасы боюнча октябрь окуяларында жабыркаган жактардын кайрылууларын кароо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн, аны саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жетектейт. Комиссия жарандардын майыптыгын аныктоо маселесин карайт.