Октябрда мөмө-жемиштерге жана жашылчаларга баалар 8,3 пайызга жогорулады

Ушул жылдын октябрында мурунку айга салыштырмалуу мөмө-жемиштерге жана жашылчаларга баалар жалпы республика боюнча 8,3 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Бир ай ичинде жашылчалар — 8,5 пайызга, жемиштер — 7,9 пайызга кымбаттаган. Муну менен бадыраң 2,2 эсеге, помидор 1,8 эсеге, капуста 13,7 пайызга, картошка 9 пайызга, кулпунай, малина — 6,6 пайызга жана апельсин 5,7 пайызга кымбаттаган. Ал эми картошканын чекене баасы республикалык орточо көрсөткүчтөн эң көп Кара-Балта (килограмм үчүн 35,60 сом), Баткен (36,19 сом) жана Кара-Суу (37,23 сом) шаарларында ашты. Анын минималдуу баасы Талас (25,94 сом), Балыкчы (27,27 сом) шаарларында жана Чаек айылында 26 сом) байкалды. Өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу картошкага болгон баанын эң көп өсүшү Кара-Суу шаарларында — 53,4 пайызга, Ноокат — 56,3 пайызга жана Өзгөн шаарында — 56,7 пайызга катталды.