Баткендин Орто-Боз айылындагы тонолгон, өрттөлгөн кыргыз үйлөрүнүн сүрөттөрү соцтармактарга жайгаштырылып жатат. Тагдыры ошондой окуяга туш келгендердин бири — Манзура аттуу жогоруда айтылган айылдын тургунунун окуясын Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу жазып чыкты.
Жол тосулуп, ок атылган учурда бүтүндөй бир айылдын эли аргасыз качууга дуушар болушкан. Алардын арасында Манзура да бар эле. Ээси жокто кыргыз үйлөрү толук өрттөлүп, алардын короосунда сүрөттөн көрүнүп тургандай, тажик тараптын окоптору казылган. Анысы аз келгенсип, апанын үйүнүн жер төлөөсү тонолуп, 3 тоннадай өрүк, бир жарым тоннадай күрүч уурдалган.