Буга чейин Жалал-Абад ОИИБ маалымат таратып, Базар-Коргондо 29 жаштагы келин асынган абалда табылганын билдиришкен.
Бүгүн, 6-октябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине милициядан буга чейин дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы чыкканын, ага кошумча дагы бир экспертиза дайындалганын билдиришти. «Лингвистикалык эспертиза дайындалган. Ошонун жыйынтыгы менен баа берилет»,— дешти.
- 23-июль күнү саат 07:55 чамасында милицияга Базар-Коргон районунун Правда айылынын тургуну байланышып, Кара-Ой айылында келини 1993-жылы туулган Айнура (аты өзгөртүлдү) үйүндө өзүн өзү асынып алып каза болгондугун билдирген.
- Айнура үйүнүн ичиндеги толук бүтө элек бөлмөсүндөгү үйдүн балкасына жоолукту байлап өзүнүн өмүрүн кыйып каза болгондугу аныкталган. Андан сырткары окуя болгон жерден кат алынган. Келин өлөр алдында кагазга кат жазып, ал өзүнүн жазган катында “Ким дагир (ред. бузулган) болуп жаман жүрсө, башканы да ошондой ойлойт. Чыныгы дагир келин алып өлгүчө ар кимдин астынан таап келип жашатып кал” деп жазылган.