Олжобай Шакир: «Болот Назаровду тойго бирөөнү мактатып ырдаганга алып барышкан»

«Болот Назаров табылбай атат! Биздин командага бийликтегилер кандай тиш кайраганын билесиңер». Бул тууралуу журналист Олжобай Шакир жазып чыкты.

«3 күндөн бери Болот Назаровдон дайын жок. Ал азыр чыгармачылык командировкада жүргөндүктөн, мурдагыдай күнүгө келип-кетмейи жок. Чыгармачыл эркиндикте. Бирок телефон аркылуу да, тааныштар аркылуу да кабарын биле албай отурабыз. Тынчсызданып! Укканыбызга караганда: Бокени тойго чакырышат. Бирөөнү мактатып ырдатмай болушат… Бирок биздин көк жал акын андайга кежигеси тырышып, бирөөнү ашкере көкөлөтө ырдап ийчүүлөрдөн эмес. Андай өтүнүчтү уккан Бокебиз, «эч кимди мактап ырдабайм» дейт да, жолуна түшөт. Артынан бирөө чыгат. Узатып. Ошол узатып чыккан адам чыгармачыл чөйрөдөгү белгилүүлөрдөн. Болгондо да менин ат башылык инилеримдин бири. Бокени далыга таптап, тойго ырдап бер деп ээрчитип барган ошол дешет. Азырынча анын аты-жөнүн атабай турууну эп көрдүм. Оозуна талкан сугунгансып, үндөгүсү жок анын. Иштин чоо-жайын ошол «тилин жутуп алган» өнөрпоздон билсек дегенбиз…

Бирок Болот Назаров боюнча 3 күндөн бери кабар жок үчүн коомчулукка болгон иштин учугун чыгарып турганды оң көрдүк. Себеби бири айтат: «Бокени Беловодский «милийсасында» камап коюшуптур». Бири айтат: «Бокени тойго чакырткандар алдына ат тартып мингизишет». Анан эле ошол мингизген ат эртеси уурдалган жылкы болуп чыгат. Болгондо да аны Болот Назаров уурдап алган имиш! Кыргызда илгертен өнөр адамынын алдына жылкы тартып, үстүнө чапан кийгизип сый көрсөткөн кыргыздын бул кандай «жаңы салты» болуп кетти экен деп баш катырып отургандагы кезибиз», — деп жазды ал.

Буга чейин милициядан төкмө акындын ат уурдоого шектелип кармалганын маалымдашкан. Болот Назаровдун эжеси да инисинин иш-чарага чакырылганын билдирди.