Республика боюнча 94 тонна кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
2023-жылдын июль айында “Мак-2023” операциясынын алкагында Кара куурай аталышындагы иш-чаранын биринчи этабы өттү.
Алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө, өлкөнүн аймагында жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында прокуратура, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери курамына кирген 1231 адамдан турган 71 бригада түзүлгөн.
Республика боюнча жалпысынан 94 тонна 22 килограмм кара куурай орулуп, өрттөлдү. Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча 2,3 гектар жерден 3 тонна 420 килограмм, Чүй облусу боюнча 8,5 гектар жерден 7 тонна 400 килограмм, Ысык-Көл облусу боюнча 114 гектар жерден 38 тонна 727 килограмм, Талас облусу боюнча 0,5 гектар жерден 1 тонна, Жалал-Абад облусу боюнча 428,8 гектар жерден 25 тонна 500 килограмм, Ош облусу боюнча 9,5 гектар жерден 8 тонна 675 килограмм, Баткен облусу боюнча 28,5 гектар жерден 9 тонна 300 килограмм кара куурай орулуп, өрттөлгөн.