Өлкөдө акыркы жылдарда эт продукциясы 6-7 миң тоннага көп өндүрүлүүдө. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинен такташты.
Маалыматка ылайык, 2019-жылы өлкөдө 413 миң 541 тонна эт өндүрүлгөн. Ал эми 2020-жылдагы көрсөткүч мындан 6-7 миң тоннага көптүк кылган.
Деген менен өлкөдө 2020-жылдын жай айларынан баштап эт кескин кымбаттай баштаган. Алгач уй жана кой эти 350 сомдон 400 сомго чейин чыкса, кийинчерээк уй эти 410-450 сомдон, кой эти 380-450 сомго чейин көтөрүлгөн. Айрым жерлерде 500 сомдон ашкан.
Өткөн жылы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тирүү малды сыртка экспорттоого убактылуу чектөө киргизүүнү сунуш кылып, өкмөт башчы тарабынан малды сыртка чыгарууга алты айга тыюу салынган. Бул чектөө 2021-жылдын башында бир аптага алынып, кайра киргизилген.
Бирок эттин баасы учурда байкаларлык арзандаган эмес. Кой эти базарларда 370 сомдон сатылса, уй этинин наркы 380 сомдон. Бул баалар мурунку убакка салыштырмалуу 80-90 сомго көп.










