Abank_nov
SerepTV Logo

Баткенде “октой учкан” эң шамдагай жырткыч куш кайра жаратылышка кое берилди

Баткенде “октой учкан” эң шамдагай жырткыч куш кайра жаратылышка кое берилди
 
Баткен облусунда айыл жерине түшүп келген сапсан (жаман сары) кушу адистердин текшерүүсүнөн өткөрүлүп, кайрадан табигый жашоо чөйрөсүнө кое берилди.

Кушту куткаруу жана анын абалын текшерүү иштерин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери уюштурду. Адистердин кароосунан кийин куштун абалы бааланып, тоолуу аймакка жеткирилип, кайрадан эркиндикке чыгарылды.

Сапсан — дүйнөдөгү эң ылдам учкан канаттуулардын бири. Ал өзүнүн укмуштуудай ылдамдыгы, курч көрүүсү жана бийиктен ылдый карай чукул сүңгүп учуу жөндөмү менен айырмаланат. Негизинен тоолуу жана аскалуу аймактарда байырлаган бул жырткыч куш кээде ар кандай себептерден улам айыл жерлерине түшүп, адамдын жардамына муктаж болушу мүмкүн.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлгөн эсепке алууда Баткен облусунда канаттуулардын айрым түрлөрүнүн саны төмөнкүдөй катталган: кекилик — 84 192, улар — 2 743, бүркүт (Сапсан ушул топко кирет) — 383.
SEREP MEDIA