Abank july
SerepTV Logo

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны азаюуда. Статистика

Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны азаюуда. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкөдө 191 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты. Бишкекте - 121, Ошто - 11, Чүйдө - 28, Ош облусунда - 2, Таласта - 6, Нарында - 8, Ысык-Көлдө - 11, Жалал-Абадда 4 киши оору жуктуруп алды деп каттоого алынды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 102 миң 702 кишиге жетти. Соңку суткада оорудан 6 киши каза болду. Бишкекте төрт, Чүй жана Таласта бирден өлүм катталды. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 1 миң 757 адамды түздү.
SEREPTV