Өлкөдөгү жер титирөө: Ысык-Көл менен Нарында 21 мекеме, 16 үйдө жарака кеткен
23-январда Кытайдагы жер титирөөнүн толкуну Кыргызстанга да жеткен. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Ак-Суу, Түп райондорунда, Балыкчы шаарында жана Бишкек шаарында 4 баллга чейин сезилди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, табигый кубулуштун кесепетинен жабыркаган имараттар бар. Учурда облустардын Жарандык коргонуу комиссиялары тактоо иштерин жүргүзүшүүдө.
Ысык-Көл облусунун аймагында 18 социалдык мекеме жана 9 турак үй текшерилип, дубалдарынан майда жаракалар кеткени аныкталган. Ал эми эски 1 турак үй авариялык абалда. Ошондой эле Нарын облусунун райондоруна Жарандык коргонуу комиссиялары тартылып, тактоо жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүштү. Облуста 3 социалдык мекеме, 6 үй жана 1 турак жайдын кире бериши текшерилди. Жалпысынан эки облустан 21 социалдык мекеменин, 16 үйдүн дубалдарынан майда жаракалар кеткен жана 1 эски үй авариялык абалда жана бүгүн 11 үй Жарандык коргонуу комиссиясынын көзөмөлүнөн өтүүдө. Мындан сырткары Чүй облусунун Чүй, Москва райондорунун 2 мектеби текшерилип, мектептин жаракалары жер титирөөгө тиешелүү эместиги аныкталды.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="224896,224897,224898,224899,224900"]