Республиканын жалпы билим берүү уюмдарында 2024-2025-окуу жылын жыйынтыктоо жана салтанаттуу иш-чаралар 26-майда өткөрүлдү.
Буга чейин Билим берүү министрлиги «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдө коопсуздук чараларын камсыз кылуу жеке жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөгөн.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү нөөмөт уюштурулат.