Өлкөдөгү ооруканаларда коронавирус жуктурган канча бейтап бар?

Архив

Өлкөдөгү стационарларда 1732 бейтап коронавирус менен пневмониядан дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Алар:

— 35 адам канааттандырарлык абалда,

— 1086 адам орто оор абалда,

— 509 адам оор абалда,

— 102 адам өтө оор абалда.

Дагы 1915 адам өз үйүндө дарыланууда.