Өлүмүш болуп, аңчылардан качкан чөө. Окуянын видеосу талкуу чордонунда

Социалдык тармактарга жырткычтарга аңчылык кылуу учурунда тартылган видео талкууга түштү. Видеодон чөөнүн өлүмүш болуп жерде жатканын, ага мергенчилер жакындап барганда, качканын көрүүгө болот.

Ал эми «Турмуш» басылмасы мергенчилер менен маектешкенде, жырткычка карай ок атылганын, ал бадалдын арасында жатып калганын айтып беришкен. «Атылган ок чөөгө тийди деп ойлодук. Мергенчилердин бири жырткычка жакындап барып, буту менен түрттү. Дал ошол учурда чөө ордунан ыргып туруп, болгон ылдамдык менен качты. Бул көрүнүш бизди аябай коркутту», — деди аңчы.