«Өмүрүнө кол салуу ою жок болчу». УКМКнын СИЗОсунда асынып алды делген Бакыт Асанбаевдин жактоочусу окуя тууралуу айтып берди

Журналист Семетей Аманбеков УКМКнын камерасында өз жанын кыйган делген «Айыл Банктын» насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бакыт Асанбаевдин жактоочусу Нур Кылычбаевадан маек алган. Маекте жактоочу Бакыт Асанбаев менен 3 күн мурун көрүшкөнүн, анын өмүрүнө кол салчу түрү жок болгонун айткан.

«Бакыт Асанбаевде өз өмүрүн кыюу тууралуу ою жок болчу. Мен 3 күн мурун, 14-июнда жолуккам. Тескерисинче, ал абдан духу көтөрүлүп, сотто өзүн актаганга жетиштүү юридикалык маалымат алдым деп сүйүнүп жаткан. Анын асынганын угуп нес болдум. Анын артында 4 жашы жете элек баласы калды», — деген жактоочу.