“Сапат” билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды жоголгондон тарта күн сайын митинг өтүп келген. Тогуз күндөн бери үзгүлтүксүз митинг уюштургандар бүгүн, 10-июнда митингге чыккан жок. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги “Сапат” билим берүү мекемеси менен байланышканда төмөндөгүчө түшүндүрүштү.
“Кечээ, 9-июнда Орхан Инандыны колдоп чыккандарга директордун орун басары Кудайберди Нурланов 2-3 күн бийликтин жообун күтүп турууну айткан. Эгер айтылган аралыкта кабарын билдиришпесе митинг кайра уланат. Биз токтоп калган жокпуз, жооп күтүүдөбүз”, – деп билдиришти “Сапат” билим берүү мекемесинен.