Эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын тарапташтары Өкмөт үйүнүн алдына тынчтык митингине чыгышты. Ага катышкандар лицейдин башчысын табууну талап кылышууда. Нааразычылык акциясына 100гө жакын адам чогулган.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.








