Орхан Инандынын Түркиянын жарандыгынан чыгуу тууралуу арыз жазганы айтылды

«Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды Түркиянын жарандыгынан чыгуу тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу ал сот отурумунун жүрүшүндө айтканын түрк ЖМКлары жазышты.

Бүгүн анын иши боюнча соттук отурум өткөн. Бирок ал колунан алган жаракатынан улам соттук отурумду жылдырууну суранган. ЖМКлардын маалыматы боюнча соттук отурум 23-ноябрга жылдырылды.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салган.