Орок айылында жигиттин жансыз денеси асылган абалда табылды. Милиция өздүгүн тактоого жардам сурайт

Орок айылында жигиттин жансыз денеси асылган абалда табылды. Милиция жигиттин өздүгүн тактоого жардам сурайт. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-июлда Орок айылынын аймагындагы талаадан асылып көз жумган жарандын сөөгү табылды деген билдирүү түшкөн. Маркум болжол менен 20-25 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү адам.

Кийген кийими: Баш сөөктүн сүрөтү түшүрүлгөн кара футболка, көк жынсы шым, бутунда кара спорттук бут кийим.

Белгилери: Бою 165-170 сантиметр, арыкчырай, чачы кара, көздөрү күрөң.

Маркумду тааныгандар болсо, Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө же 0313453380, 0312607567, 0701801803 телефондору аркылуу кабарлап коюуну суранат.