Орус-казак чек арасындагы Кыргыз жарандарынын топтолушу боюнча министрликтен маалымат беришти

Орус-казак чек арасындагы Кыргыз жарандарынын топтолушу боюнча Тышкы иштер министрлигинен маалымат беришти.

Кечээ, 23-августта «Озинки» өткөрүү пункту аркылуу жүргүнчүлөрдү агымы көбөйгөндүгү тууралуу маалыматка байланыштуу Кыргыз Республиканын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Саратов облусуна жөнөтүлгөн. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери «Озинки» өткөрүү пунктунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жүрүшүндө өткөн дем алыш күндөрүндө унаалардын топтолушу боюнча Москвадан багыт алган жүргүнчүлөрдүн агымынын көбөйүшү эс алуу күндөрүндө адаттагыдай эле көрүнүш экендиги тууралуу маалымат алынды. Учурда «Озинки» өткөрүү пунктунда чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде Кыргыз жарандарынын топтолушу жок. Бул пункт аркылуу унаалар эркин режимде өтүүдө.

«Озинки» өткөрмө пунктунун өкүлдөрү “Маштаково” өткөрмө пунктундагы кесиптештеринен маалымат алып, алар да чек арада жарандардын топтолушуна байланыштуу өзгөчө кырдаал болбогонун билдиришкен. Бул маселе министрликтин көзөмөлүндө турат.