Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан «Нелегал» комплекстүү ыкчам-профилактикалык операциясы жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги билдирүү таратты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.
Чет өлкөлүк жарандардын Орусиянын миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарын сактоосун камсыздоо максатында мындай рейддер пландуу түрдө үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча административдик жоопкерчиликке Орусияда жүрүү эрежесин бузган адамдар гана тартылат. Өз кезегинде элчилик терс кесепеттерге жол бербөө үчүн Кыргыз жарандары тарабынан Орусиянын мыйзамдарын туура жана так сактоо зарылдыгына туруктуу негизде чакырып келет.
Мекендештерге максималдуу жардам көрсөтүү үчүн дипломатиялык өкүлчүлүктө алардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү жана алар менен тыгыз кызматташуу максатында «Түз байланыштын» төмөнкү телефондору иштейт: +7 (925) 115-50-47, +7 (925) 285-50-47. Көрсөтүлгөн телефондор аркылуу орточо эсеп менен 220-250 чалуулар кабыл алынат. Кыргыз жарандарынын ар бир кайрылуусу консулдук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан каралат жана элчиликтин көзөмөлүндө турат.
Социалдык тармактарда тарап жаткан 14 Кыргыз жаранынын президентке алардын укуктары бузулуп жаткандыгы тууралуу видео кайрылуу боюнча элчилик аларга зарыл болгон бардык жардамдарды көрсөтүү максатында, кыргыз диаспора бирикмелеринин ресурстарын колдонуу менен видео кайрылуунун авторлорунун жекелигин жана алардын жүргөн жерин аныктоо боюнча чараларды көрүп жатат. Элчилик укук коргоо ишинин алкагында бул мекендештерге карата жеке маалыматтар келип түшкөн учурда сөзсүз түрдө тийиштүү иш-чараларды жүргүзөт.