Орусиянын Екатеринбург шаарында 38 жаштагы кыргызстандык аялды поезд сүзүп кеткенин Орусиянын ИИМинин Урал федералдык округу боюнча транспорт башкармалыгы билдирди.
Окуя Ботаническая станциясында болгон. Аял ооруканага жаткырылган. Полиция текшерүү жүргүзүп жатат.