Москвада такси айдаган кыргызстандык Нурия Мусаевага жүргүнчү 61 миң сом таштап кеткен. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Мен алар менен 5-6 саат жүрдүм. Нес абалда эле калдым. Бул буга чейин берген акчалардын эң көбү болду»,— деген ал.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Нурия Мусаева менен байланышканыбызда, ал 4 жылдан бери такси айдап иштерин, мындай учур биринчи жолу болуп жатканын, акча таштаган адам москвалык экенин айтты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram