Орусияда мээнин кемтиги менен жабыркаган бир жаштагы кыргызстандык наристе каза болду

Ленинград облусундагы Токсово райондор аралык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө бир жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу «Невские новости» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 26 жаштагы Санкт-Петербургга катталган кыргызстандык келин наристени ооруканага алып барган. Үй-бүлө толук эмес деп эсептелет. Маркумдун баш мээсинин, көзүнүн кемтиги, башка органдардын бир катар патологиялары жана терисинде шишик бар деген диагноз коюлган.

Кыргызстандык келинге мыйзамсыз жумушка орношкондугу үчүн административдик протокол түзүлгөн.