Орусиядагы ЖОЖго өткөн социалдык жатакананын 4 тарбиялануучусу Бишкек мэринен 50 миң сомго сертификат алышты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ульянов атындагы Чуваш мамлекеттик университетине (Чебоксары) окууга өткөн социалдык жатакананын тарбиялануучуларына сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, студенттер бюджеттик негизде окушат.

50 миң сомго сертификаттарды алган студенттер: 

Социалдык жатакана — жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга, билим берүү жана башка социалдык тейлөө мекемелеринде болуу мөөнөтү аяктагандан кийин, 16 жаштан 23 жашка чейинки турмуштук оор кырдаалда калган жетим, жарым жетимдерге убактылуу турак жай менен камсыз кылат.