Орусиядагы жол кырсыкта каза болгон 23 жаштагы Адилет Турсуналы уулунун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.
«Турсуналы уулу Адилетти узаттык», — деп жазды ал.
Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Адилеттин жездеси менен байланышып, маркум тууралуу маалымат алганбыз.
«Адилет 1999-жылы туулган. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Жар айылынан болот. 4 жылдан бери Орусияда болчу. Үйлөнгөн эмес. Ата-энеси бул жерде (ред. Кыргызстанда) жашайт. 6 бир тууган болчу. Алар ошол күнү чек арадан кирип-чыкты кылып, каттоосун узартканы барышкан экен. Жанында Шекербек деген досу болгон. Экөө тең көз жумду», — деген жездеси.