Бүгүн, 23-августта Орусиянын Ульянов облусунда жол кырсыгынан каза болгон 14 кыргызстандыктын сөөгү атайын учакка жүктөлүп, жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:10до Кыргызстанга учуп чыккан. Борт Кыргызстанга саат 17:25да Ош шаарындагы аэропортко конду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.
Учурда Кыргыз жарандарынын сөөгүн туулган айылдарына жеткирүү иш-чаралары жүрүүдө.