Орусиядагы кандуу окуя: Дайыны жок болуп жаткан 2 кыргызстандык кызга ДНК-экспертиза дайындалды

–осси€. ћосковска€ область.  расногорск. «дание концертного зала " рокус сити холл". Ќеизвестные открыли стрельбу в здании перед началом концерта группы "ѕикник", также в здании произошел пожар. ѕо последним данным — , в результате теракта погибли более 60 человек. ¬€чеслав ѕрокофьев/“ј——

Москвадагы теракттан кийин жоголгон 20 жана 24 жаштагы кыргызстандык кыздарга ДНК-экспертиза дайындалганын туугандары «Азаттыкка» билдиришти.

«Аларды кафеден чыгарышкан экен. Бирок экөө «курткабыз менен телефонубуз калды» деп кайра кириптир. Ошол бойдон жок. Жанындагылар ушинтип айтышты. Башында беш-алтоо болуп сыртка чыгышкан экен. ДНКсын полицияга бердик, жообун күтүп отурабыз», — деди кыздардын жакындарынын бири.

Буга чейин социалдык тармактарга Орусиядагы терактыдан кийин «Крокус» кафесинде иштеген эки кыргызстандык кыз жок болуп жатканын жазышкан. ТИМ маалымат берип, учурда кыздар менен байланышууга мүмкүн болбой жатканын билдиришкен.