Орусиядагы массалык мушташка Кыргыз жарандары катышкан эмес

Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин маалыматына ылайык, Москва шаарындагы «Метроном» турак жай комплексинин курулушунда болгон массалык мушташтын катышуучуларынын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.

Орусиялык басылмалар 14-апрелде Москвадагы «Метроном» турак жай комплексинин курулушунда эмгек мигранттарынын ортосунда массалык мушташ болгонун жазып чыгышты. Орусиянын Тергөө комитетинин Москвадагы Башкы тергөө башкармалыгы бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.