Май айында «Coca-Cola» компаниясы Орусия рыногунан чыгары тууралуу маалымат берилген. Орусиянын Екатеринбург шаарында жашаган кыргызстандыктар дүкөндөрдүн биринде Coca-Cola, Sprite, Fanta суусундуктары сатылып жатканын сүрөткө тартып чыгарышкан.
«Coca-Cola» компаниясынын Орусиянын рыногунан толук чыгары тууралуу май айында компаниянын генералдык директору Жеймс Квинси билдирген. 16-июнда компаниянын өкүлдөрү кампада суусундуктардын запасы түгөнүп баратканын, жаңы тобунда чыгарылгандар Орусияга сатылбай тургандыгын билдирген.