Орусияга барган бардык мигранттар баңгизатка текшерилет

Эми Орусияга барган бардык эмгек мигранттары баңги, ВИЧ жана коркунучтуу инфекцияларга текшерилет. Тийиштүү мыйзамга Орусия президенти Владимир Путин кол койгонун укуктук маалымат порталы билдирди.

Орусияда жашоого уруксат, иштөөгө уруксат же эмгек патентин алууну каалаган чет өлкөлүктөр өлкөдө медициналык кароодон өтүшү керектиги белгиленди. Тактап айтканда, баңгизаттарды же психотроптук заттарды колдонуу, ВИЧ-инфекциясы жана коркунучтуу жугуштуу оорулар боюнча тесттен өтүү керек болот.

«Бардык баңги колдонгон адамдарга Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынат», — деп айтылат документте. Роспотребнадзор чет элдик жарандардын же жарандыгы жок адамдардын экзамендеринин натыйжалары жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат базасынын бирдиктүү реестрин жүргүзөт. «Орусия Федерациясында жашоого уруксат алуу үчүн мигранттар башкаларга коркунуч туудурбаган жана Роспотребнадзор бекиткен тизмеге кирген оорулардын бар-жоктугун текшерип чыгышы керек», — деп айтылат мыйзамда.