Орусиялык блогердин оюнунан BMW утуп алган кыргызстандык кыз унааны алды (видео)

Бишкек шаарынын тургуну Сауле Балабекова 9 миллиондон ашык катталуучусу бар орусиялык блогер Надин Серовскийдин оюнунан BMW унаасын утуп алган.

Блогер социалдык тармактагы баракчасына Сауленин Москвага барганын, унааны өз колу менен тапшырарын айткан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыздын апасы видео менен бөлүштү. Анда Сауле Балабекованын унаанын ачкычын алып, ага отуруп жатканын көрүүгө болот.

Балабекова өзү эмоциялары менен бөлүшүп жатып Жаңы жылдын башталышына сонун белек болгонун айткан.