Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги, «Ала-Тоо» аянты, Ак Үй менен Көк Үйдүн жанында митинг өткөрүүгө болбойт

Бишкекте жайгашкан Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги, «Ала-Тоо» аянты, Жогорку Кеңеш менен президенттик аппараттын имаратынын жанында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг өткөрүүгө чектөө киргизилди. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Биринчи Май районунун аймагында мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чаралардан сырткары жарандар жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан уюштурулган митинг-акцияларды Бишкек шаарынын Манас көчөсүнүн №55 дарегинде жайгашкан Орусиянын элчилигинин алдында, борбордук «Ала-Тоо» аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын имаратынын алдына өткөрүүгө чектөө коюлду. Жарандар жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан уюштурулган митинг-акцияларды Максим Горький атындагы скверге өткөрүүсү жөнүндө чечими мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды.