21-май күнү Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Орусиянын Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын бүтүргөн жаш актёрлорго убадаланган батирлерди көрсөттү.
Мэр муниципалдык ипотека программасынын алкагында Краснофлотская көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай объектисине барып, анын курулуш иштери менен тааныштырып, аларга бөлүнүп берилүүчү 1 бөлмөлүү батирлерди көрсөтүп чыкты.
22 батир чүчү кулактын негизинде бөлүштүрүлөт. Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтарга жаш маданият өкүлдөрүнө бул батирлерди 1-июлга чейин толук ремонту менен бүткөрүп берүүнү тапшырды.
Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген 22 жаш маданият өкүлү эми Ош шаарында жашап, өз ишмердүүлүгүн улантышат.