Акыркы учурда Ош облусунда жана Ош шаарында коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүп бара жатат. Ал үчүн статистикалык маалыматты кароо жетиштүүлүк кылат.
Он беш күн аралыгын салыштырып карай турган болсок, 24-майда бир сутка ичинде Ош облусу жана Ош шаары боюнча 13 адам оору жуктуруп алган болсо, ал эми бүгүн, 7-майда вируска чалдыккандардын саны облус боюнча 69 адамга жетти. Соңку статистика эки апта ичинде эле 59 кишиге көптүк кылат.
Ош облусунда коронавирус илдети күндөн-күнгө күчөп, эпидемиологиялык абал оорлошууда.