«Финансы министри Алмаз Бакетаев 17,8 миллион евро суммасындагы «Кыргыз Республикасындагы климатка туруктуу суу менен камсыздоо» долбоору боюнча келишимге кол койду. Анын ичинен 14,1 миллион евро – кредит, 3,7 миллион евро – грант. Долбоор Ош облусундагы Араван — Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча курулуш иштерин жүргүзүүгө багытталган», — деп жазылат маалыматта.
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө
Климаттын өзгөрүшү — бүгүнкү күндүн эң олуттуу глобалдык көйгөйлөрүнүн бири. Анын кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө байкалууда. Казылып алынуучу отундарды колдонуу...











