Ош шаарында 9-июль күнү борбордук аянтта Курман айт майрамынын урматына майрамдык Айт намазы окулду. Ага калаанын биринчи вице-мэри Марс Исаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана тургундар катышты. Айт намазга жалпысынан 13 миңге жакын адам катышты.
Эмгек министрлигинде жүргүзүлгөн аудитте 36 миллион сом өлчөмүндө финансылык бузуулар жана кемчиликтер катталды
Эсептөө палатасы тарабынан Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө 2024-жылга карата республикалык бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити...











