30-майда Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Бейтап Баткен облусунун Кадамжай районунун 38 жаштагы тургуну болду. Ага анын 35 жаштагы иниси өз бөйрөгүн берди.
Операциядан кийин бейтаптын да, донордун да абалы туруктуу. Ушул тапта алар адистердин көзөмөлүндө дарылануусун улантууда. ОшМУ тарабынан алгачкы жолу жасалып жаткан операция бейтап үчүн акысыз болду. Төрт саатка созулган операцияны окуу жайдын тажрыйбалуу дарыгери Бексултан Сейтбек уулу жана Орусиядан чакыртылган хирург-трансплантолог Игорь Милосердов жетектеген команда жасашты.
Операциянын өзгөчөлүгү – донордон органды лазердик ыкма аркылуу, кошумча хирургиялык кесүүсүз алышты. Бул ыкманы ОшМУнун тажрыйбалуу хиругу Кахраман Халбаев колдонду. Анын айтымында, мындай ыкма бейтаптын да, донордун да организмине аз өлчөмдө зыян келтирет.
Бексултан Сейтбек уулу буга чейин Орусияда жана Түркияда окуп, 150дөн ашуун орган алмаштыруу операцияларына катышкан. Ал азыр ОшМУнун клиникасында бөйрөк жана боор алмаштыруу операцияларын өз алдынча жүргүзө баштады.